Gulzhaz Upenova Бул бутакка Гулжигит - TopicsExpress



          

Gulzhaz Upenova Бул бутакка Гулжигит Абдыбаитов менен Самара Насырова айтышат. Күйөрмандар жазбай жактырып турабыз. Ийгилик сиздерге!!! Нравится · · Отменить подписку · Поделиться · 23 августа в 22:30 возле Vokovice, Hlavni Mesto Praha, Czech Republic Чынара Сарбагышова, Элбек Базаров, Inash Azim и 7 другим это нравится. Самара Насырова Гүлжигит мырза аманбы, Маскөөдөн айтам саламды. Эзелтен элде айтылган, Салайын эске макалды. "Алтын баштуу аялдан, Бака баштуу эр артык", Деген сөзгө таянам, Таштаңыз алгач кадамды. 24 августа в 2:45 · Нравится · 7 Самара Насырова Эгемен элим аманбы, Ээлигип айтам саламды. Элбектей иним кошуптур, Эки ооз сөз айтсам жаманбы... Элибиз кетти чачырап, Күнөөлөп коюп заманды. Заманга шылтап коюшуп, Кетишти болуп амалдуу. Эң алгачкы эгемен, Базардан жолу ачылды, Аялдар жасап бизнести, Чаар ала капты асынды. Индия,Кытай,Польшага, Кеңири жолдор ачылды. Чек арадан шимшилеп, Жолбундар нечен катылды. Эркиндик жолго чыгарды, Аялдай болгон асылды. Аябайт тура заманаң, Адамсың дебей катынды. Иштетип салып аялын, Күйөөсү үйдө ачылды. Жалайык жууп, аш басып, Эркектер оозду ачырды. Эгемен заман ушундай, Эптеген тапты акылды. Иштеген тиштейт деп туруп, Ийледи турмуш жакырды. Илими барды карабай, Акчасы барды качырды. 24 августа в 3:03 · Нравится · 10 Самара Насырова Базардан пайда жоголуп, Туш тушка тарай баштадык. Эгемен болгон элбиз деп, Эл жерди тоотпой таштадык. Оруссиядагы оруска, Кул болуудан качпадык. Көчмөн болгон кайран эл, Кай жакта гана баспадык. Өз жерде ишсиз олтурсак, Ныгыра басаар ачкалык. Ойлонуп койбойт чоңдоруң, Элинин ишсиз жатканын. Эркиндик ушул экен деп, Эри жок төрөп атканын. Бир акчанын айынан, Кыздары дене сатканын. Өзүнөн улуу аялды, уулдары алып жатканын. Орто жашта аялдар, орустун итин бакканын. Бир жанын бакпай кээлери, Бомжго айланып жатканын. Көрсө дагы көрмөксөн, Чиновник байке аппагым..... 24 августа в 3:05 · Нравится · 8 Самара Насырова Эркиндик ушул тура деп, Эгемен элим митингде, Жакпай калса кайсы чоң, Жаалашып чыгат митингге. 24 августа в 3:06 · Нравится · 5 Самара Насырова Качып жатса ажосу, Элибиз кантип оңолот. Биригип башы кыргыздын, Учабыз качан зоболоп. Минтип жүрсөк мамлекет, Өзүнөн өзү жоголот. Ар кимдин жасап кызматын, кыргызым, Качанга чейин кор болот?.. 24 августа в 3:08 · Нравится · 5 Самара Насырова Көрүнбөйт мырза Гүлжигит, Кирбепмин саатын мен билип. Мен келген кезде кечикпей, Келдим деп айтып, жүр кирип... 24 августа в 3:10 · Нравится · 4 Самара Насырова Эртең мага дем алыш, Кааласаң келип кеп алыш. Экөөбүз үчүн бутак бар, Кыз жигиттин бул айтыыыш...... 24 августа в 3:11 · Нравится · 3 Гулжигит Абдибаитов Баарын айтып 8тvптvр, Самара айым т8гvптvр. Эркектердин багына, бир кыйла ташты т8гvптvр! 24 августа в 20:18 с мобильный · Нравится · 2 Гулжигит Абдибаитов Кагылам элим аманбы? Жалпыhа айтам саламды! Самарага туш келдим, Сактасын мендей балаhды! 24 августа в 20:23 с мобильный · Нравится · 3 Гулжигит Абдибаитов Арыздар бир топ тvшvптvр, Мырзалардын атына! Бираз жооп кылайын, Самаранын катына! 24 августа в 20:31 с мобильный · Нравится · 2 Самара Насырова Мына келдим Гүл жигит, Ырлардан шарап куй жигит. Каршыңда турат Самара, Айтыштын гүлүн сун жигит. 24 августа в 20:35 · Нравится · 4 Самара Насырова Арыз эмес айтканым, Эмнени турат баштагың. Чындык да баары, төгүнбү, Кана эмне дейсиң арстаным!.. 24 августа в 20:38 · Нравится · 5 Самара Насырова Гүл жигит мырза кайдасың, Кол жеткис бийик айдасың?.. Жооп жазбай кайда жоголдуң, Айтышта болгон жандашым! 24 августа в 20:40 · Нравится · 5 Гулжигит Абдибаитов Бираздан кийин жанайын, Сен дагы жангын ылайым! Кылаарга бираз иштер бар, Жайгарып баарын салайын! 24 августа в 20:40 с мобильный · Нравится · 5 Самара Насырова Илгери жигит кыздарды, Зарыга күтүп турчу эле. Күттүргөн жигит айыбын, Эки бир эсе жуучу эле... 24 августа в 20:43 · Нравится · 4 Самара Насырова Салам жигит баштаңыз, Саламга алик таштаңыз. Самара сизди күтүүдө, Саргайтып карап жатпаңыз. 24 августа в 20:46 · Нравится · 3 Самара Насырова Гүл жигит күйүп турду эле, Жашылы жанбай өткөнбү? Кыргызстанга чакалап, Жамгыры куюп төккөнбү? Интернети уланбай, Же үзүлүп кеткенби?.. 24 августа в 20:49 · Нравится · 2 Элбек Базаров Эже кичине койо туруңуз! Ал кирсин! 24 августа в 20:49 · Нравится Самара Насырова Же, сөздөрдүн терип гүлдөрүн, Даярданып жатабы? Этият болуп турбасам, Сөз огу менен атабы?.. Арыз жаздың деди эле, Арызды карап жатабы? Балким бардыр себеби, Айткандарым катаадыр... 24 августа в 20:52 · Нравится · 3 Самара Насырова Кечээ күнү мен келбей, Гүл жигит күтүп тажаган. Мени да күткүн дегенби, Күттүрүп койдуң садагам... 24 августа в 21:02 · Нравится · 3 Гулжигит Абдибаитов Келдим эми баштайлы, айтаар с8зд8н качпайлы! Кетсек да канча кызышып, сый, урматты сактайлы! 24 августа в 21:10 с мобильный · Нравится · 4 Самара Насырова Канаке жигит баштагын, Ырыңды чууртуп таштагын. Сыйын билет эжекең, Кептериң менен атпагын. 24 августа в 21:13 · Нравится · 4 Гулжигит Абдибаитов Садага десеh Самара, садага болуп кетейин! 8чк8нvмдvн себебин, тvшvндvрvп берейин. 24 августа в 21:15 с мобильный · Нравится · 3 Самара Насырова Эгемен күнгө Кыргызстан, Даярданып жатабы? Эркиндиктин майрамы, Алыска кеткен атагы. Ошто болом мен дагы, Ушул күнү даталуу. 24 августа в 21:17 · Нравится · 4 Самара Насырова Арызды карап бүттүңбү, Зарыгып кечэээ күттүңбү? Сүйлөңүз жигит угайын, Унчукпай кантип түттүңбү 24 августа в 21:19 · Нравится · 2 Гулжигит Абдибаитов Чууруй албайм ырымды, т8рт саптан жазам айла жок. Телимдин аз "объему", К8п жазган менен пайда жок! 24 августа в 21:21 с мобильный · Нравится · 2 Элбек Базаров Төрт саптан кайра жакшы! Бат-бат ырдайсыңар! 24 августа в 21:23 · Нравится Гулжигит Абдибаитов Арыздандыh чынында, Талаалап биз кеттик деп! Кеh Россия кеп бекен, Польшага чейин жеттик деп. 24 августа в 21:24 с мобильный · Нравится · 3 Самара Насырова Сагындым Кыргыз элимди, Ордолуу Оштой жеримди. Арчалар тоолор, булуттар, Апакем жайган куруттар, Эстегенде эңсетип, Эки эле кылды эсимди. 24 августа в 21:25 · Нравится · 2 Самара Насырова Жигиттин гүлү Гүл жигит, Айтышаар оюң бар беле? Акырын терип жазасың, Же жазаар жериң тар беле? Беш сүйлөсөм бир сүйлөп, Айтышка чыктың анда не?... 24 августа в 21:29 · Нравится · 4 Гулжигит Абдибаитов Москва, Минск, АКШ, Эркектер деле качышкан, Аялдар кайтат а бирок, Vч эркек келбейт батыштан! 24 августа в 21:29 с мобильный · Нравится · 1 Гулжигит Абдибаитов Дагы айтам билип кой, Телефонум "недонош"! Vч жолу жазсам бир кетип, "made in china" га окшош! 24 августа в 21:34 с мобильный · Нравится · 3 Самара Насырова Бирде жанып бир өчүп, Бирөөлөр менен сүйлөшүп. Шартын бузуп айтыштын, Тартабы анын күнөөсүн. Күттүрүп койдуң аябай, Мен айтсам сөздүн жүйөөсүн. Он эки болуп баратат, Гүл жигит кайда жүрөсүң?.. 24 августа в 21:39 · Нравится · 4 Элбек Базаров Самара эжем зеригип, менин өздүк баракчамды карап, жактыны баса баштады!!! Гүлжигит жок, балким уктап калды! 24 августа в 21:44 · Нравится · 1 Гулжигит Абдибаитов 4 сап сенден жазылса, менден чыгып 8 сап, ким к8п ойлоп жатканын, алсак кантет аныктап? 24 августа в 21:45 с мобильный · Нравится · 1 Самара Насырова Сенсиреп келген бул жигит, Гүл жигиттин өзүбү? Чү деген жерден эсептеп, Кирген жигит сөзүбү? 24 августа в 21:50 · Нравится · 2 Гулжигит Абдибаитов Жакшы болсо байланыш, Тизмектеп коюш кеп бекен. GPRS"капут" деп, жазуу чыгат дембе-дем! 24 августа в 21:53 с мобильный · Нравится · 2 Самара Насырова Сөздүн башын бурайын, Какшыкты кое турайын. Эгемен күнгө элимди, Куттуктоомду сунайын. Куттуу болсун кыргызым, Кубанган эркин күнүбүз. Кубаныч коштоп ардайым, Жарык болсун түнүбүз. Бактылуу болуп ар дайым, Балага толсун үйүбүз. Балкып турсун бактыга, Жүрөктөгү сүйүүбүз. Эгемен элбиз дүйнөдө, Эркин чыксын үнүбүз! Ууртуңуз толуп жылмайып, Бактылуу күлүп жүрүңүз. Кыргыз деп жашап түбөлүк, Кыргызды дайым сүйүңүз!!! 24 августа в 21:57 · Нравится · 5 Самара Насырова Аруу Дүйнө" деген клуб бар, Маскөөдө биздин ачылган, Кыргыздан чыккан сандаган, Таланттар анда катылган. Конкурс бердик бул бетке, Шарттары бар жазылган. Катышсаң болот окурман, Сырларың болсо жашырган. Сүрөйбүз дайым жаштарды, Вулкандай ыры атылган. Карысы бар,жашы бар, Баарысын камтып батырган. Арууласын деп кыргызды, Ушинтип аты аталган. Эгемен күнгө карата, Элимдин көөнүн ачалган. Ырлары, кара сөздөрүң, Жөнөткүн калбай катардан. Илгертен жаштар карыдан, Илими менен бата алган. 24 августа в 22:06 · Нравится · 4 Гулжигит Абдибаитов Таанышпадык жакындан, канчада жашыh билбеймин... Чv! деген жерден жамандап, эркектерди тилдейсиh! 24 августа в 22:09 с мобильный · Нравится · 2 Самара Насырова Жыйынтыгы бул иштин, Калемгерди сүрөйбүз. Аруулук менен улутту, Таанытып жанды үрөйбүз. Эгемен өлкөм бар болсун, Эмгеке дайым үндөйбүз. Келечекте кыргызды, Гүлдөтөбүз гүлдөйбүз! 24 августа в 22:12 · Нравится · 2 Гулжигит Абдибаитов т8рт с8здv жазгын каалаган, дароо ырды токуюн. Андан кийин мен жазам, сен току жыргап окуюн 24 августа в 22:15 с мобильный · Нравится Самара Насырова Кайда десем бул жигит, Кеткен окшойт батышка. Мылтыгын тазаа октоптур, Немистерди атышка. Же, батышта кала бергенби, Ок тийип калып атышта. Аялдар кайтып, жигит жок, Сатылган окшойт батышка!?.. 24 августа в 22:18 · Нравится · 4 Самара Насырова Төрөлүп ара калыптыр, Телефонуң колдогу. Недонош депсиң байкушту, Баскычтары солдобу? Эртең барып сатып ал, Базардан жаңы оңдолуу. 24 августа в 22:21 · Нравится · 5 Самара Насырова Арзанына кызыгып, Албагын эски колдогу, Жазып турса жакшы дейт, Жолоочунун жолдогу. Сегиз саптан жазасың, Иштетип колун оң солун. 24 августа в 22:24 · Нравится · 4 Гулжигит Абдибаитов Белендеп койгон мурдатан, шаблондорду тиздиhби, аны, муну жамактап, жарнама кылып илдиhби? 24 августа в 22:25 с мобильный · Нравится · 2 Самара Насырова Эгемен эркин эл болдук , Ак калпагы башында . Мендей кыздар жандаса, Сиздей жигит кашында. 24 августа в 22:25 · Нравится · 4 Гулжигит Абдибаитов Немистерди капкачан, Чоh атам жайлап келиптир. Кууп барып Берлинге, сазайын колго бериптир! 24 августа в 22:29 с мобильный · Нравится · 1 Самара Насырова Шыр төккөндө шаблон дебейт, Илген жокмун жарнама. А сен өзүң не иш кылдың, Улуу күнгө карата? Уюштуруп конкурс элге, Ушул күнгө жараша. 24 августа в 22:35 · Нравится · 3 Гулжигит Абдибаитов Насип кылса бараармын, "курутоюн" алаармын! 4 саптабай ошондо, 10 сапты катар жазаармын! 24 августа в 22:40 с мобильный · Нравится · 2 Самара Насырова Жоголуп калсаң сен көпкө, Берлинге кеткен дегенмин. Чоң атаңа жардамга, Кетиптир каап эй! дегенмин. Сөз болуп атса эгемен, Немисти айтып сайрадың, Батышка баргың келген го, Калемиң таза кайрадың! 24 августа в 22:41 · Нравится · 3 Гулжигит Абдибаитов элге салып мелдештерди, уюштургуч эмесмин! лаззат алам мен айтыштан, жеhем сени дебесмин! 24 августа в 22:44 с мобильный · Нравится · 1 Самара Насырова Эр азамат,мырза дешет жигитти, Эгеменге эмне кылдың чуурутчу. Эптеп септеп бир телефон алалбай, Элге кызмат кыласыңбы туруктуу! 24 августа в 22:48 · Нравится · 2 Гулжигит Абдибаитов сайраган жокмун немисти, аны 8зvh баштадыh. Бир немис, бир батыш деп, батышка айдап таштадыh! 24 августа в 22:48 с мобильный · Нравится · 1 Самара Насырова Аялдар кайтат а бирок, Эркектер кайтпайт батыштан. Деп сүйлөгөн өзүңсүн, Кыйын окшойсуң сатыштан. 24 августа в 22:51 · Нравится · 1 Элбек Базаров Дагы кичине айтышып, токтотсоңуздар, болот!!!. 24 августа в 22:54 · Нравится Гулжигит Абдибаитов Эл кызматын аркаладым 10 жылдай, калкан болдум чек арада эч жылбай! Сен конкурстар уюштуруп жvрг8нд8, майрамдарды камсыздагам уктабай! 24 августа в 22:54 с мобильный · Нравится · 1 Гулжигит Абдибаитов Эл кызматын аркаладым 10 жылдай, калкан болдум чек арада эч жылбай! Сен конкурстар уюштуруп жvрг8нд8, майрамдарды камсыздагам уктабай! 24 августа в 22:54 с мобильный · Нравится Самара Насырова Жашымды менин сурайсың, Сенсиреп барып улайсың. Кичүүсүн менден иничек, Аялдын жашын чубайсын.? 24 августа в 22:55 · Нравится · 1 Самара Насырова Чек арада он жылдап, Иштеген тура Гүл жигит. Эсиңе салып Самара, Коргоочуңду жүр билип! 24 августа в 22:59 · Нравится · 2 Самара Насырова Эр жигит эл четинде жоо бетинде, Милдетиң болот сенин билгин аны! Биздейлер уюштурса, кол чаап кошто, Солдаттай чеп бол элге, тургун дагы! 24 августа в 23:04 · Нравится · 2 Самара Насырова Айтылган сөз, күлкү жана тамаша, Айтыштын да шарттары бар жараша. Эркек деген бир тепкичке өйдөсүң, Сыйлашалы, бул жашоодо жанаша. 24 августа в 23:08 · Нравится · 2 Гулжигит Абдибаитов Vзр эжем улуулугум билбегем, деген менен айтыштын бул наркы экен! Айтыш ушул, уйкаштыка жараша, жапжаш акын кары чалды - сен! деген! 24 августа в 23:10 с мобильный · Нравится · 2 Гулжигит Абдибаитов vзvр, улуулугуh. 24 августа в 23:12 с мобильный · Нравится Самара Насырова Алдыңа келсе атаңдын, кунун кечип сал деген. айтышы менен кызык да, бабалар айткан сармерден. 24 августа в 23:13 · Нравится · 2 Самара Насырова Аңтарып өздүк барагым, Жашымды менин карадың. Сен эле дегин селейбейм, Гүл жигит аттуу карагым... 24 августа в 23:14 · Нравится · 2 Гулжигит Абдибаитов чек арада иштебейт, кызмат кылат билиhиз! 8тvк менен тепсеткен, жаштыгыны иниhиз! 24 августа в 23:15 с мобильный · Нравится · 1 Гулжигит Абдибаитов 8здvктv карай элекмин, к8рдvм бирок сvр8тvh. бир собака менден кетти, эми -сиз деп жvр8мvн! 24 августа в 23:22 с мобильный · Нравится · 3 Самара Насырова Кызмат кылган иштеген, Бир маанини билдирет. Жаштык кезин солдаттар, Чоң өтүккө кийдирет. Мына ушундай замана, Баарына башты ийдирет. Жакшы жашап өтөлү, Канча өмүр калды ким билет. Өчөгөшсө бул турмуш, Карыга жашты сүйдүрөт. Жеткизбей эки асылды, Турмушуң кээде күйдүрөт. 24 августа в 23:23 · Нравится · 4 Гулжигит Абдибаитов Андижан, Баткен коогасы, эсимден али чыккан жок, мекен vчvн иниhиз, жер караар иш кылган жок! 24 августа в 23:27 с мобильный · Нравится · 2 Самара Насырова Эр жигиттин белгиси, Эл журту үчүн тик турат. Темирдей эрктүү болгула, Темирден бекем чеп курап! 24 августа в 23:29 · Нравится · 1 Гулжигит Абдибаитов солдаттар эмес- жоокерлер, кыргыз тилин сыйлаhыз! иш башка, кызмат ал башка, биз ошо кызмат кылганбыз! 24 августа в 23:32 с мобильный · Нравится · 2 Самара Насырова Эгемендүүлүк кыргызга, Жаманбы же жакшыбы, Эркиндик өлкө болдук деп, же кыргызым шаштыбы? Башкаралбай өз элин, Башчылары качтыбы? Алтындай кенин Акшга, Тоолорун кошуп саттыбы? Кулга айлантып кээлерин, Курдашы алдап саттыбы? Кутула албай кулдуктан, Кумсарып чөлдө жаттыбы? Кыйналып иштеп балдары, Салган пул кандай таттуубу? Көздөрү толгон кусага, Балдардын күнү шаттуубу? Кандай дейсиң Гүлжигит, Суроого башың каттыбы? Эгемен элбиз ураа деп, Эркиндик бизге жактыбы???.. 24 августа в 23:37 · Нравится · 3 Гулжигит Абдибаитов чеп урайт, тирvv чеп болдук, жаныh экен бир октук! кара жандан коркпостон, уяттан мына биз корктук! 24 августа в 23:37 с мобильный · Нравится · 1 Самара Насырова Уул баланы апалар, Чеп болсун деп төрөгөн. Элине кызмат кылсын деп, Ак бешикке бөлөгөн. 24 августа в 23:40 · Нравится · 1 Гулжигит Абдибаитов азыркы жазган саптарды, жазгансыз 8тк8н айтышта! , улам эле чаптабай, абайлаhыз алтышка! 24 августа в 23:43 с мобильный · Нравится · 1 Самара Насырова Төшөктө өлбөй тоодон өл! Деген сөз бар чынында. Үйдөн өлбөй жоодон өл, Айтылып келген кыргызда. 24 августа в 23:44 · Нравится · 2 Гулжигит Абдибаитов элге кызмат- десеhиз, муундар так сакталат! ырахат алып окуган, ошондо эжем макталат! 24 августа в 23:47 с мобильный · Нравится · 2 Самара Насырова Айтышканы сиз менен, Бүгүн келдим айтышка. Өткөндө айттың дегидей, Түшпөдүк талаш тартышка. Адептүү жигит көрүндүң, Алтышка менен тартышпа. 24 августа в 23:47 · Нравится · 2 Самара Насырова Тамгамдан бери тергейсиң, Кытайдан келген элдейсиң. Кытыгылап кол салган, Кытмыр соккон желдейсиң.. 24 августа в 23:50 · Нравится · 3 Элбек Базаров Ап-Бали эми ачылдыңар. 24 августа в 23:51 · Не нравится · 1 Гулжигит Абдибаитов т8ш8кт8 да тоодо да, 8лб8дvм Кудай сактады! 8лтvр8м деген бузуктар, 8зд8рv жер жазданды! 24 августа в 23:53 с мобильный · Нравится · 2 Самара Насырова Өлгөндөн кудай сактасын, Коргогун жоодон элиңди. Көз карегиндей сактагын, Ала Тоодой жериңди. 24 августа в 23:56 · Нравится · 2 Самара Насырова Токтоп калдың Гүл жигит, Же табылбай катаам жатабы. Андан көрө төгө кой, Издебей менден катаны. 24 августа в 23:57 · Нравится · 2 Гулжигит Абдибаитов айтышпадык ал туура, башка акынга жазгансыз! эми мага жаздыhыз, демел шаблон кылып алгансыз! 24 августа в 23:57 с мобильный · Нравится · 1 Гулжигит Абдибаитов демек. 24 августа в 23:58 с мобильный · Нравится Самара Насырова Ууру ойлойт ууруча, Тууру ойлойт тууруча. Эмне десең ошо де, Кызыктырбайт тыйынча. Деңгээлиң жетсе ошог, Сага деле кыйын да! Бир сөзүңдү кайталап, Ыйынба жигит ыйынба! 25 августа в 0:01 · Нравится · 1 Гулжигит Абдибаитов Гvл жигит эмес- Гvлжигит б8лб8й жазыh атымды! туура, так жазсаh соонун да! сыйлашат шондо затыhды! 25 августа в 0:04 с мобильный · Нравится · 1 Самара Насырова Түндөсү топко мен кирсем, Белгилеп Элбек коюптур. Сени келет деп күтсөм, Түн бир убак болуптур. Айтышка мурда түшпөгөм, Жазбагам башка акынга. Окшоттум сөздөн өөн тапкан, Каңкылдаган катынга. Кандай деги жигитсиң, ооруттуң менин башымды ай! 25 августа в 0:07 · Нравится · 1 Элбек Базаров Өтө ачууга, алдырбай, сабырдуу болуңуздар! 25 августа в 0:08 · Не нравится · 1 Самара Насырова Катадан башка издеген, Жокпу башка айтаарың? Куттуктоо айтсаң жарашмак, Кудуңдаган кайсарым!.. 25 августа в 0:09 · Нравится · 2 Гулжигит Абдибаитов туура жазганга нээ жетсин! Сынына калбай эркектин!... бир тамга тvшс8 с8з башка, -чукуйсуh мени!- дебегин! 25 августа в 0:12 с мобильный · Нравится · 1 Самара Насырова Келе жаткан майрамды, Келиштирип тосолу. Андан көрө элимди, Куттук айтып кошолу. Дагы алга жетели, Айга колду созолу! Көралбаган жандардын, сапырылсын тозоңу. Баш кошулса эки жаш, Бекем болсун очогу. Туура жазып албетте, каталарды оңдойлу. Тамашага түшүнүп, Чыр чатактуу болбойлу. Айтышка түштүк эле деп, Көңүл оору болбойлу. Андан көрө Гүлжигит, Кубаттайлы колдойлу! 25 августа в 0:15 · Нравится · 1 Самара Насырова Түшүрбөдүм тамгаңды, Бу, Гүлжигит карып калганбы. Көтөрүмдүү болчу эле... Бу, жигиттигиң жалганбы?.. 25 августа в 0:18 · Нравится · 1 Гулжигит Абдибаитов ошог эмес- ошого! ыйынбайм эжем андайга! Баштаса ооруп башыhыз, жеhилvv келди мahдайга! 25 августа в 0:20 с мобильный · Нравится · 1 Самара Насырова Бирөөнүн издеп катасын, Көпкөн жигит окшойсуң. Же, Таластанбы кайының, Өпкө жигит окшойсуң? 25 августа в 0:20 · Нравится · 2 Самара Насырова Куттуктоону таптакыр, Мен айттыра албадым. Кызматтамын деп эл үчүн, Чыкканы турат жалганың. Эгемен элге бир ооз сөз, Кана жигит арнагын. Айтыш бүтүп баратат, калбасын ичте арманың. 25 августа в 0:24 · Нравится · 2 Гулжигит Абдибаитов ошог деп жазган элеhиз, о тамга тvштv бул анык! толуп турган убагым, келе элек башка карылык! 25 августа в 0:25 с мобильный · Нравится Самара Насырова Жеңилүүнү сен эмес, Чече турган калыстар. Кайталай берсең бир сөздү, Калыстар башын карыштаар. Кыргызга сиңген бул адат, Бутуңдан тартып түшүрөөр. Өзү да жетпейт, жеткизбейт, Арабызда бар кишилер. Чукулай берип катаңды, кишинин башын иширээр... 25 августа в 0:28 · Нравится · 1 Самара Насырова Жоокерде жүрүп кызматта, Чын эле карып калыпсын. О тамга деген бир сөздү, Ого эле жаттап алыпсың. Кантейин эми кантейин, Муштайыңда карыпсын. 25 августа в 0:30 · Нравится · 1 Гулжигит Абдибаитов Я Алла! 8пк8м жайында, к88п дагы кетпедим! Сvйг8м чындап а бирок, Таластык кызга жетпедим! 25 августа в 0:31 с мобильный · Нравится · 2 Айдай Омуралиева Рахмат сиздерге,бул бутак жабылды.Айтышты токтотуңуздар! 25 августа в 0:32 · Нравится · 2 Гулжигит Абдибаитов ишибейт баш ал- шишийт,ишик эмес дейт- шишик! заманбаптай элесиз, бар окшойт бираз эскилик?... 25 августа в 0:37 с мобильный · Нравится · 1 Гулжигит Абдибаитов токтодум. 25 августа в 0:38 с мобильный · Нравится · 1 Самара Насырова Өз башында төөнү көрбөй, Бирөөнүн чөбүн шак көрөт. Сөз жетпейт го токтобой, Улуунун сөзүн так бөлөт. Жигит деген жигиттей, Бардык жерде так болот. 25 августа в 0:41 · Нравится
Posted on: Fri, 30 Aug 2013 21:06:07 +0000

Trending Topics



Recently Viewed Topics




© 2015